Бир сутки ичинде COVID-19 вирусунан каза болгон 3 бейтап тууралуу Республикалык штаб төмөнкүдөй маалымат таратты.

1. 1961-ж. туулган эркек бейтап, дарыгер-фтизиатр. Кесибине байланыштуу, пневмония менен жаткан бейтаптарды кабыл алып жаткан. Анда COVID-19 вирусу тастыкталып, оор абалда өтүп жатканы белгилүү болгон. Ош облустук ооруканасында дарыланууга жаткырылган.

2. 1965–ж. туулган эркек бейтап, жүк ташуучу унаанын айдоочусу. 27-майдан бери Ош облустук ооруканасында оор абалда жаткан.

3. Нарын облусунун 1936-ж.туулган эркек жараны. 21-майда жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган.
Аталган үч жаранда тең коронавирустун айынан, кошумча өнөкөт оорулары күчөп кеткен.