COVID-2019 вирусунун экинчи толкуну чоң зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу ДСУнун Европа боюнча регионалдык бюросунун директору Ханс Клуге онлайн-брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, айрым аймактарда апрель айына салыштырмалуу коронавирус жуктургандардын саны азайганы менен вирустун жайылуу тобокелчилиги ошол бойдон калууда. ЕС өлкөлөрүндө коронавирус илдетинин экинчи толкуну келүү коркунучу бар.

«Чара көрбөсөк илдеттин жандануусу чоң зыян алып келиши мүмкүн. Бизде туруштук берүү үчүн вируска каршы вакцина да жок, натыйжалуу дарылай да албайбыз. Учурда биринчи толкунда үйрөнгөн тартипти сактоо мүмкүнчүлүгү гана бар: биз вирусту эң жакшы түшүнөбүз, өрчүп кетүү коркунучун кантип алдын алуу керектигин билебиз, кызматташууну үйрөндүк, өзүбүздү коомдук жайларда кантип алып жүрүү эрежелерин билебиз», — деди Ханс Клюге.

Ал белгилегендей, вируска каршы эң натыйжалуу чаралар: ооруну аныктоо, изоляциялоо, оорулуу менен байланышта болгондордун баарын текшерүү жана алар жайгашкан мекмени карантинге алуу.

«Бул вируска каршы вакцина табылганча дагы канча убакыт күрөшөбүз азырынча белгисиз. Вакцина качан иштелип чыгаарына да конкреттүү мөөнөттүү айта албайбыз. Вакцина табылаары менен ДСУ адилеттүү түрдө баардык мамлекетке бөлүп берет», — деп кошумчалады.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 6,3 миллионго жетти.

Булак: 24.кг