2-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен Өзбекстан Республикасынын Сырдарья облусунун Гулистан шаарында Сардобин суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан жабыркаган Өзбекстан Республикасынын ЖЧК «Мөл Булак» кыргыз компаниясы тарабынан жиберилген гуманитардык жардамды тапшыруу болуп өттү.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү, облустун прокурору Равшан Машарипов, Сырдарья облусунун хокиминин орун басары Данияр Мадиримов, облустун аксакалдары жана облустук ММК катышышты.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, гуманитардык жүккө 20 тонна макарон, 20 тонна күрүч, 10 тонна өсүмдүк майы, 10 тонна шекер, 5 тонна ичүүчү суу, ошондой эле 10 тонна картошка кирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек тарап Сырдарья облусунун элин кезектеги колдоосу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.