Карантиндик кырдаалга байланыштуу салык токтоп, каржы көйгөйү жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда КР Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

«Биз көмүскөдө иштеп жаткан ишканаларды тактай алдык. Азыркы учурда салык чогултуу иштери ыкчам абалда жүргүзүлүп жатат. Буга чейин салык төлөбөй иштеп жаткан көз жумду болгон тармактардын тизмелери алынып, тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда. Төлөнүп жаткан салыктар мамлекеттик бюджетти толтуруп жаткандыктан, биз салык төлөөдөн качпашыбыз керек”, — деп билдирди КР Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.