Улуттук кастыкты козутууга айыпталып жаткан Даниэл Ажиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова анын өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирди, деп жазат 24.kg.

Юристтин айтымында, Ажиевди Бишкектин 1-СИЗОсунда камалып тургандар коркутуп жатышат.

«Ал жалпы камерада отурган кезде, аны үзгүлтүксүз сабап, басынтууну көздөшкөн, ал өз денесин тилүүгө туура келген, мына ушундан кийин гана аны өзүнчө камерага отургузушкан. Бирок жаракаты бүткөндө тергөө изоляторунун жетекчилиги аны кайра башкаларга кошуп коюшу мүмкүн. Буга эч жол бербеш керек. Аны майып кылып коюшат. Мен Даниэлге жардам берүүнү өтүнүп, ЖАМК жетекчилигине, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна жана омбудсменге кайрылдым. Камералаштары ага өтө катаал мамиле кылышкан, кайра алардын жанына отургузууга болбойт», — дейт Таалайгүл Токтакунова.

Ал эртең Бишкек шаардык сотунда Даниэл Ажиевдин бөгөт чарасы карала турганын кошумчалады. Жактоочулар соттон аны үй камагына бошотууну өтүнүшмөкчү.