Без рубрики
АКШнын борбору Вашингтондун аймагына 1600 аскер кызматкерлери киргизилди
АКШнын борбору Вашингтондун аймагына 1600 аскер кызматкерлери жөнөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штабы — Пентагондун расмий өкүлү Жонатан Хоффманга таянып маалымат таратты.
Анда Хоффмандын: «Аскер кызматында жүргөндөрдү борбордун аймагында жайгашкан аскердик базаларга жайгаштырдык.
Вашингтондун ичинде аскерлер жок. Учурда аскер кызматкерлери жогорку согуштук даярдыктагы режимде иштеп жатышат. Бирок алар граждандык бийликтин иш-аракеттерине катыша элек», — деп айтканы жазылган.