АКШнын борбору Вашингтондун аймагына 1600 аскер кызматкерлери жөнөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штабы – Пентагондун расмий өкүлү Жонатан Хоффманга таянып маалымат таратты.
Анда Хоффмандын: “Аскер кызматында жүргөндөрдү борбордун аймагында жайгашкан аскердик базаларга жайгаштырдык.
Вашингтондун ичинде аскерлер жок. Учурда аскер кызматкерлери жогорку согуштук даярдыктагы режимде иштеп жатышат. Бирок алар граждандык бийликтин иш-аракеттерине катыша элек”, – деп айтканы жазылган.