2020 жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова жетектеген делегация Чонджу шаарындагы Корея Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү Башкармалыгына барып, аталган ведомствонун Администратору – Башкы директору Ким Кёг Кю мырза менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда корея тарап менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Республикасынын Айылдарды өнүктүрүү башкармалыгынын ортосунда агрардык илимдер жана технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга кол койуу аземи болуп өттү. Буга чейин аталган Меморандумга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация Министри Э.У.Чодуев кол койгон жана дипломатиялык канал аркылуу Корея Республикасына жөнөтүлгөн.

Бул Меморандумдун алкагында Эл аралык айыл чарба программа Борбору түзүлөт (KOPIA). Аталган Борбор айыл чарба тармагындагы изилдөө жаатында кызматташууга көмөктөшөт, өсүмдүк жана үрөн өндүрүү, жергиликтүү шарттарга ылайыкташкан үрөндөрдү өстүрүү жана жалпысынан түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча Кыргызстандын потенциалын жогорулатуу менен алектенет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Д.Кемелова Кыргызстанда KOPIA борборун түзүү өлкөнүн региондорунда айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи жана Корея Республикасынын инновациялык технологияларын Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына тартуу ишенимин билдирди. Элчи Д.Кемелова Кыргызстан лабораториялардын потенциалын күчөтүп, жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонууга муктаж экенин кошумчалады, ошондой эле «акылдуу фермерлик » жана автоматташтырылган күнөсканалар боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө көңүл бурду.

Өз кезегинде Башкы директор Ким Кёг Кю мырза Мамлекеттик администрация өзү тараптан Кыргызстанда эффекивдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, айыл чарба тармагында ишке ашыруу үчүн приоритеттүү долбоорлор кыргыз тарап менен биргеликте тандалып алынат жана алар бүтүндөй кыргыз элине пайда алып келет.

Маалымат катары:

Кореялык программанын (KOPIA) негизги миссиясы төмөнкүлөр:

  • Корея тарап менен тажрыйба алмашуу жолу аркылуу жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган технологияларды өнүктүрүү жана үрөн өстүрүү;
  • Кирешелерди жогорулатуу максатында локалдаштырылган технологияларды жана тажрыйбаларды (практиканы) айыл жеринде жана фермерлер арасында жайылтуу;
  • мамлекеттик кызматкерлердин, эксперттердин, илимпоздордун, фермерлердин потенциалын алмашуу программалары ж.б. аркылуу жогорулатуу.

Дүйнөнүн 20 мамлекетинде Корея Республикасынын айыл чарбаны өнүктүрүү Башкармалыгынын KOPIA борборлору бар.