Бүгүн, 3-июнда саат 16:00 чамасында катуу жааган жаандан улам Нарын шаарынын айрым аймактарын суу каптап жатат.

Шаар башчысы Нурбек Молдокадыров өзү баш болуп, суу каптаган жерлерге барып, түзүлгөн кырдаалга жараша тиешелүү тармактарга тапшырмаларды берүүдө.

Учурда шаарга тиешелүү бардык мекеме-ишканалардын техникалары жана кызматкерлери ишке тартылып, чукул чаралар көрүлүп жатат.

Түзүлгөн кырдаал боюнча кошумча маалымат берилет.