Ислам оппозициялык уюмунун лидери Фетхуллах Гюлен жана Курдистан Жумушчу партиясы АКШдагы башаламандыктарга колдоо көрсөтүшүүдө. Мындай оюн Түркия лидердинин администрацисынын Коммуникациялар департаментинин башчысы Фахреттин Алтун АКШнын Анкарадагы элчиси Дэвид Саттерфилд менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан билдирген. Белгилей кетсек, Гюленге таандык жана түрктөр FETO деп атаган уюмду Түркия 2016-жылдын июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракеттери боюнча күнөөлөп келет.

Аталган көтөрүлүштүн натыйжасында 80 миңден ашуун көтөрүлүшчүлөр камалып, болжол менен 150 миң мамлекеттик жана аскер кызматчылары ээлеген кызматынан бошотулган. Ошол учурда АКШда отурган Гюлен: -«Мунун өзү курулай жалаа»-деп, өзүнө карата коюлуп жаткан айыптоолорду четке каккан.

Фахреттин Алтун TRT World телеканалы менен бирге түрк ММК кызматкерлерине карата болгон зомбулуктар боюнча тынчсызданып жаткандыгын айтып, РПК-YPG террористери менен (сириялык күрттөрдүн өзүн өзү коргоо күчтөрү) кызматташып келе жаткан FETO уюму жана «Антифа» радикалдык солчул кыймылы АКШда болуп жаткан башаламандыктарга колдоо көрсөтүп жаткандыгын кошумчалаган.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп америкалык бийлик «Антифа» радикалдык солчул кыймылын тыюу салынган террористтик уюмдардын тизмесине киргизери тууралуу айткан. Ал эми АКШ Башкы прокурору Уильям Барр бул кыймылдын аракеттери терроризм катары кабыл алынарын жар салган.