The Times of India басылмасынын билдирүүсүнө караганда Индия өлкөсүнө таандык Гондал шаарынын тургуну Капил Маракана тирүүлөй көмүлгөн көрүнөн өз алдынча чыгып кеткен.

Басылманын маалыматы боюнча иш берүүчү адам өз чыгашалары үчүн Капил Маракананы күнөөлөгөн. Мунун натыйжасында чыккан жаңжалдан кийин иш берүүчү өзүнүн тарапташтары менен Маракананы машинесине күч менен отургузуп, ээн талаага алып барып өлөрчө сабаган соң колу-бутун байлап, «өлдү»-деген ой менен көөмп салып баса беришкен.

Эсине келген Маракана жанталашып жатып, бир бутун бошотуп, андан соң кум алдындагы көрүнөн тирүүлөй чыгып, түз эле полицияны көздөй чуркаган.

Полиция тарабынан колго түшүрүлгөн кылмышкерлер окуянын мындай бурулуш алгандыгына таң калып жатышкандыктарын жашыра алышкан эмес.