АКШ президенти Дональд Трамп: -«Өлкөдөгү башаламандыктарды басуу үчүн аскер күчтөрүн тартуунун зарылчылыгы жок, бирок бардыгы кырдаалдарга жараша болот. Менин оюмча, бардыгы жакшы эле бүтөт»-деген Newsmax TV телеканалына берген маегинде.

Белгилей кетсек, Трамптын буга чейин аскерлерди киргизери тууралуу айтканы коомчулук, ММКлар, саясатчылар жана губернаторлор тарабынан бул катуу сынга алынган. Мындан сырткары, шаршемби күнү АКШ Коргоо министри Марк Эспер Трамтын бул оюн колдобой тургандыгын ачык эле айтып чыккан.

Белгилей кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу келип чыккан массалык башаламандыктардан улам АКШнын 40 шаарында коменданттык саат киргизилген, анын ичинде Вашингтон, Лос-Анжелес, Нью-Йорк шаарлары дагы бар.