Оппозициялык ислам жактоочусу Фетхуллах Гюленди өткөрүп берүү тууралуу Түркия кайрадан АКШга кайрылды. Бул тууралуу Түркия президенти Эрдоган Тайип менен АКШ президенти Дональд Трамп экөөнүн ортосунда болуп өткон телефондук сүйлөшүүлөрдөн соң белгилүү болгон.

Расмий Анкара бийлиги Гюленди 2016-жылкы июль айындагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракеттери боюнча айыптап келет. Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу пресс-конференцияда Эрдоган:

«Биз дагы бир жолу Гюлендин АКШда жүрүүсүнө тыюу салуу тууралу талап койдук… FETO биз үчүн номур биринчи террористтер. Ал эми Гюлен Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган. Биз террористтерди кандай өткөрүп берип келсек, АКШда бизге террористтерди өткөрүп берүүсү керек»-деп кошумчалаган.