Нарын шаарында 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйлөрдүн короолорун, чарбалык курулуштарын жана унаа жолдорду каптаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык жеринде кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин аткаруу максатында  КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа тартылган жана  Таза-Нарын ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, Суу канал ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук Жарандык коргонууу кызматтарынан 10 даана инженердик техника тартылган. Мындан сырткары КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 470 литр дизель бөлүнүп берилген.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 15 турак үйдүн короо-жайлары кум шагылдан тазаланган. 4-июнь күнү селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок. Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет аба-ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таркаткан.