Депутат Закир Шарапов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду чакырып, өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу депутат  бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

З.Шарапов коомчулукта бул боюнча терс пикирлер айтылып жатканын айтты. Бул сунушту депутат Таабалды Тиллаев дагы колдоду. Жыйынтыгында бүгүн чек ара маселеси карала турган болду. Анда өкмөттүн маалыматы угулат.