Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 4
• Нарын облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 372 учур катталды, алардын ичинен 270 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.