Коом
COVID-19: Үч бейтап оор абалда ооруканада жатат
2020-жылдын 4-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1 899 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.
-Стационарда – 587, алардын ичинен реанимацияда – 3
-Ооруканадан чыгарылды – 1292
-Каза тапты – 20
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 933
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 905(байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 953 адам жатат.