КоомСаясат

Бангладеште 80ге жакын жаран мекенине кайтып келе албай жатышат-Улан Примов

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов Өкмөттүн көңүлүн Бангладештеги мекендештерибиздин абалына бурду. «Бангладеште 80ге жакын жарандарыбыз  мекенине кайтып келе албай жатышат. Колунда билеттери бар,бирок, ички, тышкы каттамдар жабык болгондуктан, мекенине келүү мүмкүнчүлүгү жок”,- деген депутат Өкмөттү аларды алып келүү боюнча иш-чараларды уюштурууга чакырды.

Ал эми депутат Евгения Строкова жарандык коомдордун өкүлдөрүнөн  коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам эмне үчүн парламентте каралбай жатат  деген суроолор келип түшкөнүн малымдады. «Алар туура айтышат,биз ал мыйзамды тезинен, керек болсо эки-үч окуудан кабыл алып беришибиз керек”- деди депутат.

Депутат Дастан  Бекешов болсо алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө маселе көтөрүп: «Эгер биз  шайлоого  эски стандарттар менен барсак, концерттерди уюштурсак, бир топ коркунучтар  келип чыгат. Эгер коронавирус тарап кетсе, эмне үчүн карантин киргиздик  деген суроо туулат. Эпидеомологдор оорунун экинчи этабы башталат деп айтып жатышат. Ошондуктан, биз же парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек же үгүт өнөктүгүн жаңы форматка өткөрүшүбүз зарыл”, — деди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button