Чолпон-Ата шаарында вирусологиялык лаборатория жайгаштырылат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, туристтик мезгилде жарандардын саламаттыгынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча даярдыктар жүрүп жатат.


«Саламаттык сактоо министрлиги Маданият министрлиги менен биргеликте эпидемияга каршы эрежелерди, ошондой эле эс алуучуларды кабыл алуунун иш-аракеттеринин алгоритмин бекитти. Биз вирусту аныктоодо тесттен өткөрүү үчүн өзүнчө вирусологиялык лабораторияны даярдап жатабыз », — деди Нурболот Үсөнбаев

Белгилей кетсек, 1-июндан тарта Кыргызстанда туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Ысык-Көл облусуна кирүү жана чыгуу эч кандай тоскоолдуксуз жүргүзүлөт, өткөрүү пунктунда алар температураны өлчөйт жана киргендердин жеке маалыматтарын жазышат.