Кыргызстанда бир күндө үч адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу 4-июнда ӨКМ билдирет.

Анда Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылынын “Саратай” көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Окуя 3-июнда түштөн кийин болгон.

Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кетти.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдө адам эмнени эске алуу керектигин айтып, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбагыла деп катуу эскертти.

Сууга түшүү эрежелери:
• Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
• Сууга чоңдордун көзөмөлүндө гана түшүү керек;
• Мурда көрүп-билбеген, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга болбойт;
• Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
• Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
• Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
• Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
• Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.