Гуанси-Чжуан автономиялуу районундагы башталгыч мектептин окуучуларына жана анда иштеген кызматкерлерге белгисиз бир эркек адам бычак менен кол салган.

Учжоу шаардык округунун Цанъу уездинин жергиликтүү өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда мунун натыйжасында 40 адам жабыркаган, алардын үчөөсү оор абалда. Жергиликтүү ММКлардын билдирүүсү боюнча кол салуу бүгүн, тагыраак айтканда, 4-июнь күнү болжол менен таңкы саат 8.30да шаардагы башталгыч мектептердин биринде болуп өткөн.

Белгилей кетчү нерсе, кол салган адам ошол эле мектептин 50 жаштагы кароолчусу Ли болуп чыкты. Азырынча кол салууга эмне себеп болгондугу тактала элек.