Бул тууралуу 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Эмиль Токтошев билдирди.

«Оору боюнча күнүгө чыгып маалымат берип жатасыздар. Бирок илдетке кабылгандардын саны гана айтылып, башка жагдайлар тууралуу сөз жок. Байкаганыбыздай илдет азайган жок, абал оор боюнча сакталууда. Эмне үчүн оорунун чыккан жерин айтпай жатасыңар? Эгер толук маалымат берсеңер, эл өзү сактанмак», — деген депутат топтолгон каражаттардын кайда, кантип жумшалып жатканы тууралуу да толук маалымат берүүнү талап кылды.

Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев Индияда калган мекендештердин маселесин көтөрүп: «Илдетке байланыштуу ал жакта калган кыргызстандыктар мекенине кайта албай жатат. Акчалары түгөнүп, мечитке кирип жатышса, миссионерсиңер деп полиция кармап кетиптир. Андыктан ал жактагы элчилик абалды жөнгө салуу менен мекендештерди Кыргызстанга кайтаруу жагын Өкмөт менен биргелешип ыкчам чечүүлөрү керек» — деп кошумчалады.