Бүгүн, 4-июнда Бишкек шаардык сотунун алдында саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары жана жакындары нааразычылык акциясын өткөрүүдө.

Алар саясатчынын Кой-Таш окуясы боюнча күнөөсү жоктугун айтышып, боштондукка чыгаруу керектигин талап кылышууда.

Жактоочунун айтымында, судьянын келе электигине байланыштуу саат 10:00дө баштала турган сот отуруму кечигип жатат. Равшан Жээнбеков сот имаратына алып келинди. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда саясатчынын баш коргоо чарасы боюнча апелляциялык арызы каралат.

Белгилүү болгондой,Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Равшан Жээнбековго Жазык кодексинин «барымтага алуу», «массалык баш аламандык уюштуруу» жана «бийликти күч менен басып алуу» боюнча айып коюлган.