Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 2020-жылдын 24-июнунда Москва шаарында өтүүчү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышат. Бул тууралуу Генштаб билдирет.

Улуттук гвардиясынын аскер кызматчылары 1945-жылдагы совет элинин фашисттик Германияны жеңгендигинин урматына арналган Кызыл аянттагы юблейлик парадга экинчи жолу катышып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн татыктуу көрсөтүүдө.

Гвардячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон жок. Жоопкерчиликти талап калган маанилүү иш-чарага – күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып, санитардык талаптарды сактоо менен күн сайын параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышты.

Москва шаарына учуунун алдында бардык аскер кызматчылар коронавирус илдетин жуктуруп алуу коркунучун жок кылуу максатында ПЦР анализ тапшырышат. Гвардиячылар Россия Федерациясынын борборуна баргандан кийин парадка катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат.