Мен мектепти бүтүп айылда жүргөнүмдө үйдөн уктап жаткан жеримден ала качып кетишти. Сотко берейин десем качырып барган балдардын арасында жакын тууган абамдын баласы дагы бар экен. Алар менен бирге атам-энем үйгө алып баса беришти. Эл оозунда элек жок дегендей, үйгө баса бергенимде айылдагылар күбүр-шыбыр кылып, «кыз бир күн түнөп калды, бекер алып келдиңер» деген сөз тарап, аны уккан сайым өзүмчө нерв болуп жүрдүм. Мени качырып барган баланын үйүндө бир күн түнөсөм дагы алар менен ит мышык болуп мушташып, баланы киргизгенде колума бычак алып, мен азыр сени өлтүрөм деп аны коркутуп, өзүмдү коргоп жаттым. Тан атарга жакын атам, апам келип мени алып кетти, мен таптаза намысым менен үйгө кайттым.

Элдердин ушак айыңынан улам Россияга кетип калдым. Ал жакта 4 жыл соода түйүндөрүндө эмгектендим. Жумушум үйдөн алыс күнүгө 1 жарым саат нары 1 жарым саат бери убакыт жолго кетет. Иштен түнкү 11де чыгам. Электиричкага орун алып олтурдум вагондо 4 кыргыз балдар отуруптур, аларды көрүп жүрөгүм негедир шу дей түштү. Үч төрт вагонго нары көздөй жылдым алар артымдан мен жакты көздөй жанаша отурушту. Эл көп болчу. Үйүмө жакындап калганда коомдук унаадан түшүп, жашаган жериме жол тарттым. Тиги төрт бала дагы түшүп тез-тез басып алдыман өтуп кетишти. Мен паркка жакын калганда алдымдан жанагы төртөө чыгып мага тийишип баштады. Оозумду жаап парктын ичине алып кирип сумкамды алды мен аларга карата колумдан келген күч колдоно баштадым. Жардам бергиле деп кыйкырдым бир жолу кыйкырып кайрадан кыйкырганымда алар мени жаактан ары бир салышты. Мен жанымдагы даракты сүзүп жыгылдым. Андан кийин эмне болгонун такыр билбейм. Эрте менен турсам шымым чечилген, кофтам айрылган намысыма тийип коюшуптур.

Жумуштагылардын жардамы менен ошол окуядан кийин Кыргызстанга кайтып келе бердим. Келсем айылда мени мурунтан жактырып жүргөн азыркы жолдошум турмуш куруу боюнча сунуш киргиздим. Мен башымдан өткөн окуянын баарын ага төкпөй чачпай айтып бердим. Ал мага сөз берип, бул окуяны эч качан бетине салбайм деди. Той күнү бетимди өзүнүн балтырын кесип менин жузумду ачты.

Мына ортодо эки жыл өттү эч кандай уруш-талаш жок, биз бактылуубуз жана мен жолдошумдун кареги мен тен айланып турам. Ал дагы көнүлү оруп калбасын дейби мен эмне десем баарын кылат. Мен жолдошумду сүйөм. Мага жашоо тартуулаган Кудайыма ыраазымын.