5-июндан баштап республика боюнча облустар жана райондор аралык жүргүнчү ташыган каттамдар толук кандуу ишке кирет. Бул тууралуу Автоунаа, суу транспортунун жана салмактык ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Касымалы уулу Арслан билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, санитардык нормаларды сактоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

«Жүргүнчү ташыган унаалардын ичи рейске чыгуудан мурда дезинфекцияланышы шарт, ал эми айдоочусу медициналык текшерүүдөн өтүшү кажет. Транспорт каражаты 60-70%га гана жүргүнчүлөр менен камсыз болушу керек”, — деп билдирди Касымалы уулу Арслан.