Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 4-июндагы жалпы жыйында дагы депутаттардан бет кап тагынууну суранды. Кесиптештерине айып тууралуу да эскертти.

«Урматтуу депутаттар, сураныч, масканы тагынып отурсаңыздар, бет капты. Бул коомдук жай. Саламаттыкты сактоо министрлиги контролго алып жатат, эскертип жатат. Мыйзам бар, коомдук жайда маска тагынбай жүргөндөргө айып пул салынат. Сиздерге айып пул келип калышы мүмкүн. Таарынбаңыздар. Ошондуктан мыйзамды сыйлап, маска тагынып отуруңуздар, бири-бирибизди сыйлайлы. Мыйзам да ошону талап кылып жатат. Биз үлгү бололу, урматтуу депутаттар. Ушул тараптан ар кандай, журналисттерден да суроолор түшүп жатат», — деди төрага.