Коом
Эл аралык авиа каттамдар 15-июндан баштап жанданат
Бүгүн, 4-июнда Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акишев онлайн маалымат жыйын берди. Анда 15-июндан тарта авиа каттамдар жанданат.
«Учурда иш-аракеттер алгоритми макулдашылып жатат. Мүмкүнчүлүгүнө жараша ар бир авиакомпания өзүнүн даталарын сунуштоодо – качан жана канча жолу каттамдарды ишке ашырат», — деп билдирди КР Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.
Анын айтымында, азыркы учурда эл аралык каттамдардын жүгүртмөсү жана учуулардын жыштыгы иштелүүдө. Алдын ала алгоритмге ылайык, жумасына 17-16 каттам, күнүнө 2-3 каттам уюштуруу пландалып жатат.