Ассошиэйтед Пресс агентчилигинин билдирүүсүнө караганда Жорж Флойддун өлүмүнөн улам келип чыккан АКШдагы каршылык акцияларынан улам кармалган адамдардын саны 10 миңден ашты.

Бейшемби күнгө карата алынган маалыматтарга ылайык камакка алынгандардын көпчүлүгү биринчи кезекте Лос-Анжелес, андан кийин Нью-Йорк, Даллас жана Филадельфия шаарларынын тургундары болуп саналат.

Камакка алынгандардын көпчүлүгү коменданттык саатты бузуу өңдүү майда-барат иштер менен кармалышкан. Ошол эле учурда жүздөгөн адам уурулук, каракчылык, талап-тоноочулук өңдүү айыптоолор менен кармалышкан.

Эске сала кетсек, Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу бүгүн Америкада массалык нааразылык акциялары өтүп, талап-тоноо, каракчылык өңдүү аракеттер менен коштолууда. Бүгүн Жорж Флойдду атайы өлтүрүүгө катышкан деген айып менен дагы үч полиция кызматкери кармалган. Ал эми негизги күнөөкөр Дерек Чавен деген полиция кызматкери өткөн жуманын аягында камакка алынган. Жорж Флойддун полиция кызматкерлери тарабынан атайын өлтүрүлгөндүгү окуяны капыстан көрүп калган күбөнүн көрсөтмөсүнөн кийин ачыкка чыккан.