Айрым социалдык тармактарда  республиканын айрым укук коргоочулары Камил Рузиев аттуу жаран кармалганда, алар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун алдындагы “115 шыр байланыш телефонуна” чалып, ала алган жокпуз-деген маалыматты таркатышкан.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) басма сөз кызматы бул маалымат туура эмес экендигин билдирет. Себеби, 2020-жылдын 30-майында, саат 14.22де, 0708-206-ХХХ телефонунан өзүнүн ысымын атабаган аял «115-шыр байланыш кызматына» чалып,  «2020-жылдын 29-майында, саат 20:00 чамасында укук коргоочу К. Рузиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан 48 саатка кармалды.  Учурда ал жардамга муктаж »-деп билдирген.