Ошто жоголгон мугалимдин жансыз денеси каналдан табылды
Ош шаарында изделип жаткан Эркайым Шадыеванын жансыз денеси Ош—Араван каналынан табылды.
47 жаштагы Э.Шадыеванын денеси бүгүн, 4-июнда табылган. Маалыматты
маркумдун жолдошу тастыктады.
Э.Шадыеванын кесиптештеринин айтымында, маркум 2019-жылдын декабрь айынан бери
башы ооруп, жумушка көп барбай, жакшы да баса албай жүргөн. Маркумдун артында
жолдошу жана 3 баласы калды.
Ал эми Ош ШИИБдин маалыматына караганда, Э.Шадыеванын туугандары
соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Маркумдун сөөгү түшкү саат 12:30
чамасында табылган. Учурда туугандары суралып жатат.
ӨКМдин басма сөз
кызматынын малыматына ылайык, Э.Шадыеванын сөөгүн Туран кичи районундагы
Ош—Араван каналынан издөө үчүн Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу
тартылган.
Буга чейин, маркумдун жолдошу Бактыбек Аматов жубайы кечээ, 3-июнь күнү болжол менен таңкы саат 8:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
«Жубайым экөөбүз 23 жыл чогуу жашадык. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Кичүү балам 6 жашта. Ошол түнү доктурга барып, анализ тапшырабыз деп кеңешип алып уктаганбыз. Себеби жубайым уйкусуздук менен жабыркап жүргөн. Эч кандай уруш-талаш болгон эмес. Балам түнкү саат үчтөрдө ордунда жатканын көргөн экен. Эртең менен турсак эле жок. Телефонун да таштап, үйдөгү кийими менен эле чыгып кетиптир.
Өзү 2016-жылы Ош шаарында өткөн «Жыл мугалими» сынагын жеңген. 2019-жылдан бери университеттин тарых факультетинде сабак өтүп жүргөн», — деген Бактыбек Аматов.