Өлкөбүздүн аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал режиминин алкагында санитардык-эпидемиологиялык эрежелер орун алгандыгына байланыштуу, жарандардын өмүрүн, саламаттыгын сактоодо, ошондой эле “Коронавирус” илдетинин андан ары жайылып кетүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу «Шумкар” АБПнын басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 4-июнь күнүнөн тартып Чүй облусунун аймагында жайгашкан санитардык постордо коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери кызмат өтөөгө тартылышты.

Кызматкерлердин жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн, ар бири коргонуучу каражаттар, антисептик, кол кап, бет кап, жана атайын кийимдер менен камсыздалган. Андан тышкары, кызматкерлерге күн сайын кызматка чыгуу алдында жеке коопсуздугун сактоо эрежелерин жөнүндө нускама өткөрүлүп турат.