Саясат

«Өзбек-Кыргыз чек арасындагы чырда орок менен белине сайган» дейт Боронов

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы чырдан жабыркап, Айдаркен ооруканасына жаткырылган 5 Кыргыз жараны менен Өкмөт мүчөлөрү жолугушкан. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Оор абалда деген 2 жарандын биринин башына таш тйиип, гематома болгон. Ошол жерде дарылап жатышат. Абалы жакшы. Биз өзүбүз барып көрдүк, сүйлөйт, тамак ичет. Экинчисин орок менен белине сайган экен. Ага да операция жасалып, кыймыл-аракети жайында. Үчүнчү жаран аксакал экен. Ал эл арасында жүрүп инсульт алыптыр. Абалы оорураак, ооруканада дарыланып жатат», — деди Боронов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button