Apple АКШдагы баш аламандык учурунда уурдалган смартфондорду блоктоп  жатат. Бул тууралуу CNN каналы айтып чыкты.

Уурдалган гаджеттерге көзөмөлдөп жаткандыгы жана жайгашкан жери жөнүндө смс билдирүү келип, бийлик өкүлдөрүнө өткөрүп берүүнү же,  уурдалган дүкөнгө  кайтарып берүү сунушталат, андан кийин уурдалган iPhone иштебей калат.

Эске салсак, Миннеаполисте кара түстөгү Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу демонстранттар полициянын ырайымсыздыгына каршы акцияга чыгышкан. Өлкө боюнча нааразычылык акциялары тополоңго айланып,  11 адам каза болгон.

 Бийликтин айтымында, полиция менен кагылышуу жана коопсуздук күчтөрүнө болгон коркунуч ички терроризм актысы катары каралат.