5-июнда түнкүсүн Нарын облусундагы көпчүлүк аймактарда, Ысык-Көл облусундагы айрым райондордо, Чүй облусундагы тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда да кыска мөөнөттүү жаан жаашы ыктымал, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаашы ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +18…+23
күндүз +28…+33

Талас облусунда

түнкүсүн +16…+21
күндүз +27…+32

Баткен облусунда

түнкүсүн +18…+23
күндүз +31…+36

Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +18…+23
күндүз +31…+36

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +11…+16
күндүз +22…+27

Нарын облусунда

түнкүсүн +9…+14
күндүз +23…+28

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 31…33 градус болот.