Коом

AstraZeneca COVID-19 вирусуна каршы вакцина даярдоо аракеттерин күчөттү

Британиялык AstraZeneca фармацевттик компаниясы коронавируска каршы вакцина өндүрүү кубаттуулугун эки миллиард дозага чейин көбөйттү.

Буга чейин AstraZeneca АКШ жана Улуу Британия үчүн даярдалуучу вакцинаны болжол менен 400 миллион дозага чейин жеткирүүнү пландап жаткан. Ал эми Инновациялар боюнча коалиция, ошондой эле Вакцина, иммунизация боюнча Дүйнөлүк альянс жана Индиянын Вакцина боюнча мамлекеттик институ менен болгон макулдашуулардан кийин вакцина өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө дагы бериле турган болду.

Белгилей кетчү нерсе, Оксфорд университетинде өндүрүлгөн коронавируска каршы вакцина 23-апрелден тартып сыноодон өтүүдө. Жакынкы күндөрү Улуу Британияда өтүп жаткан клиникалык изилдөөлөрдүн биринчи фазасынын жыйынтыгы белгилүү болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button