Жарандык согуштун (1861-1865) ардагери катары пенсия алып жүргөн Ирэн Триплетт 91 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Washington Post гезити билдирген.

Триплеттин Ардагерлердин иши боюнча министрлик тарабынан берилип келген пенсиясынын өлчөмү жылына 877,56 долларды түзгөн. Ал Конфедерациянын армиясында кызмат өтөгөн аскерлердин ичинен Жарандык согушка катышкан адамдын майып баласы катары өмүр боюу берилүүчү пенсия менен камсыз болгон.

Триплетт 1930-жылы туулуп, өткөн жумада же 31-май күнү Түндүк Каролинадагы карылар үйүндө каза болгон. Министрликтин билдирүүсү боюнча бүгүн деле Ирэн өңдүү, маселен, 1898-жылы болуп өткөн Испан-америкалык сыяктуу кайсы бир согушта курмандан болгондордун балдары мамлекет тарабынан пенсия алышат.