Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун билдирүүсү боюнча ИВЛ аппараттарын сатып алуу үчүн АКШ бир катар мамлекеттерге 180 миллион доллар өлчөмүндө акча бөлдү.

Ошондой эле, ал качкындар менен мигранттар үчүн дагы кошумча 14 миллион доллар бөлүнгөндүгүн кошумчалаган.

Белгилей кетчү нерсе, Марк Помпео 180 миллион доллар кайсы өлкөлөргө берилерин айткан эмес. Эпидемия башталгандан бери АКШ жардам катары бөлүп келген акча каражатынын жалпы суммасы 11 миллиард долларды түзгөн.