ИИМдин Эргеш Алиев атындагы Академиясын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө Жалал-Абад ОИИБдин имаратында алгачкы лейтенант наамдары ыйгарылды.  Офицердик наамдарды тапшырып жатып Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов бүтүрүүчүлөрдү элибиз үчүн ак кызмат өтөөгө чакырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын жаңы дайындалган кызмат ордуларында ийгиликтер болуусун жана Академиядан алган билимин практика жүзүндө ишке ашыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле жумушта жоопкерчиликтүү болуп, жарандар менен сылык мамиледе болууга үндөдү.

Милициянын жогорку окуу жайын аяктаган бүтүрүүчүлөр областтын аймагындагы бош кызмат орундарына дайындалып, жакынкы күндөрдө жумуш баштоолору Кадрлар бөлүмү тарабынан белгиленди.