Коом

Кыргызстанда дагы 6 медицина кызматкеринен вирус аныкталды

 Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 37 адам коронавирус менен катталды. Алардын ичинен 6 адам медицина кызматкери. 5-июнга карата эпидемиологиялык абал боюнча өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жана Ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин директору Абдыкадыр Жороев маалымат берип жатат.

Коронавирус менен жаңы катталган медицина кызматкерлеринин бири Бишкек, экөө Ош шаарында жана үчөө Нарын облусунда. Өлкөдө жалпы 378 медицина кызматкеринен коронавирус оорусу аныкталган. Алардын ичинен 272 медицина кызматкери оорудан айыгып, ооруканадан чыгышкан

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button