Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун соттук отуруму өтүүдө.

Сот ачык өтүп жатканы менен судья журналисттердин кирүүсүнө тыюу салды. Ошондой эле Акыйкатчы институтунун өкүлү да залдан чыгарылды. Өкүл судьянын бул чечими мыйзамга туура келбейт деп билдирди.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов блогердин ишин өзү көзөмөлгө алганын билдирген. Блогер элге кайрылып, кечирим суроо менен өзү жашаган үйүн көргөзгөн эле.