Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко кечээ, 4-июнда өкмөттүн жаңы курамы боюнча кадрдык чечим кабыл алып жатып, Беларусь кайгы-капа көрбөгөн жалгыз постсоветтик өлкө экенин эске салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Александр Лукашенко жаңы өкмөттү бекиткенден кийин мурунку СССРдин курамындагы көптөгөн өлкөлөр башынан өткөргөн кайгы жана жарандык согуштарды эстетти. Анын айтымында, эң башкы дөөлөт — тынчтыкты сактоо.

«Биз балдарыбыз жашай ала турган өлкөнү курдук. Бүгүн аны коргогон учур келди. Сиздер көрүп жатасыздар, бизге туш-туштан асылып жатышат… Кайгы көрбөгөн жалгыз постсоветтик өлкө.

Президент Каримов [Өзбекстандын мурунку президенти] Андижанда мамлекеттик төңкөрүш жасоону каалаган миң адамды токтотуп, атканын унутуп калдыңарбы? Баары аны талкуулап, ал эми каза болгондо тизе бүгүп, ыйлашты. Биз мындайды башыбыздан өткөргөн жокпуз, ошондуктан муну түшүнгүбүз келбейт. Биз эстетип коебуз», — деди өлкө башчы.

Лукашенко ошондой эле Тажикстандагы жарандык согуш тууралуу эстетип: «Акырында, менин досум Рахмон [Тажикстандын президенти] пулемет менен Тажикстандын борборун иретке келтиргени чыкканын эч ким билбейт. Ал жерде канчалаган адам каза болду. «Сакалчандар» менен күрөшкөндөй күрөшүшкөн», — деди Лукашенко.

Белгилүү болгондой , кезектеги президенттик шайлоого 2 ай калганда Александр Лукашенко өкмөттү отставкага кетирген. Ал 4-июнда Роман Головченкону премьер-министр кылып дайындады.