1. Төрөлгөндөн тартып 7 айга чейинки курактагы ымыркай балдардын тамак жутуу учурунда дем алуу процесси токтобойт.
  2. Адамдын баш сөөгү ар кандай өлчөмдөгү 29 сөөктөн турат.
  3. Мээдеги нервдик импульс саатына 274 км ылдамдыкта жылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
  4. Адамдын мээси бир күндө дүйнө жүзүндөгү бардык телефондор бөлүп чыгаргандан көп электр импульстарын бөлүп чыгарат.
  5. Орточо адамдын денесиндеги күкүрт орточо көлөмдөгү иттин денесиндеги бүргөлөрдү өлтүрүүгө жетсе, денедеги көмүртектен 900 карандаш, майдан 7 бөлүк самын жасоого болот. Ал эми денедеги суу 50 литр челекти толтурууга жетет.
  6. Адамдын көзү өткүчө жүрөк өзү аркылуу 182 млн. литр канды өткөрөт.
  7. Аялдардын жүрөгү эркектердикине караганда алда канча тез согот.
  8. Оң колу менен иш кылгандар сологойлорго караганда 9 жылга көбүрөөк жашашат.
  9. Адамдардын 2/3 бөлүгү өбүшүп жатканда баштарын оң тарабына ийишет.
  10. Адам көргөн түшүнүн 90%ын унутуп коёт.
  11. Адам организминдеги кан тамырлардын жалпы узундугу болжол менен 100 миң. км.
  12. Өмүрүнүн аягында адам орточо эсеп менен алганда 1500 трлн.бит маалыматты эстеп кала алат.
  13. Денедеги жылуулуктун 80%ы баш аркылуу чыгат.
  14. Бир нерседен уялып же толкундап кызарган учурларда, адам ашказаны дагы кызарат.
  15. Дене салмагынын 1%на тең суу корогон учурда адам чаңкай баштайт. 5% корогон учурда адам эс учун жоготсо, 10%дан ашык өлчөм адамдын өлүмү менен аяктайт.
  16. Жандыктардын ичинен бир гана адам баласы чалкасынан жатып уктай алат.
  17. 4 жашар бала орточо эсеп менен күнүнө 450 суроо берет.
  18. Адамдардан сырткары коала деген жаныбар гана манжа издерине ээ.
  19. Адам организмининин өзүн-өзү калыбына келтире албаган жападан жалгыз бөлүгү бул – тиш.
  20. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын 7%ы гана сологойлор.
  21. Орточо жаш куракка чейин өскөн чачтын узундугу 725 километрди түзөт.
  22. Адам организминде жашаган бактериялардын жалпы салмагы 2кг түзөт.
  23. Адам баласы гана түз сызык тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
  24. Өмүрү өткүчө адам териси 1 000 ирет алмашылат.
  25. Буттун манжаларындагы тырмактарга караганда кол манжаларындагы тырмактар 4 эсе тез өсүшөт.
  26. Көзү көк адамдар башкаларга караганда оору сезимин катуураак кабыл алышат.
  27. Адам денесиндеги эң күчтүү булчуң болуп тил саналат.
  28. Адамдын көзү 10 млн. түрдүү түстөрдү ажыратууга жөндөмдүү.
  29. Ачаарчылыкка адам бир нече жума чыдаса, уйкусуз болгону 10 күн гана чыдайт.
  30. Орточо жаш курак — 2 475 576 000 секунд, өз өмүрү өткүчө адам орточо эсеп менен алганда 123 205 750 сөз сүйлөйт жана 4 239 жолу жыныстык катнаш жасайт.