Коом

ИИМ: Милициянын кайгуул кызматын региондордо түзүү иштери жүрүп жатат

2020-2021-жылдары милициянын кайгуул кызматынын түзүмдүк бөлүктөрүн түзүү боюнча иш-мерчемди аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы “Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугунда кээбир маселелерди уюштуруу жөнүндө” токтомунун 3- пунктун ишке ашыруу максатында, ыкчам чараларды көрүү, эффективдүүлүктү жогорулатуу ишин аткарууга иш мерчем бекитилди.

Милициянын кайгуул кызматы түзүмүн 2020-2021-жылдары уюштуруу боюнча иш-мерчемди аткарууда, Ош, Баткен, Ыссык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Чуй облустарынын шаардарында, ошондой эле Чүй ОИИББы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым взводторунда жана Ысык-Көл ОИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн взводунда курамдын штаттык санын аныктоо максатындаКР Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Учурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Ички иштер башкы башкармалык-Ички иштер башкармалыктардын Кайгуул күзөт кызматтарын бириктирүүдө курамдын штаттык саны такталды. ИИМ тарабынан “Коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо ИИМдин Жол кымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүнүн нускамасын бекитүү жөнүндө” жаңыланган ведмстволук акт иштелип чыгып кабыл алынды. Мына милициянын кайгуул кызматы түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин тапшырмалары, укуктары жана милдеттери, кызмат өтөө жана башка ИИО түзүмдөрү менен иштешүү ыкмалары аныкталды.

КР ИИМдин Басам сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button