Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков баштаган  көрүнүктүү саясий ишмерлер биригип шайлоого аттанаарын жарыялашты. Бул тууралуу “Ата-Мекен” партиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Ата Мекен» партиясы “Жаңы күч” деген ураан астында күзүндɵ өтчү Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турганын билдирди. Бул тууралуу өлкөдөгү алдыңкы саясий күчтөрдүн биригүүсү тууралуу декларацияга кол коюу учурунда белгилүү болгон.


Белгилүү болгондой, Өмүрбек Текебаев– “Ата Мекен” партиясы,Темир Сариев – “Ак Шумкар” партиясы, Жанар Акаев “КЛДП” партиясы, Рыскелди Момбеков Социал-демократиялык тобу, Тилек Токтогазиев “Жаңы Дем” коомдук кыймылы, ошондой эле Жашыл күчтөрдүн коалициясынан Азамат Темиркуловбиригүү тууралуу декларацияга кол коюшкан.