Мындан толук 1 жыл мурун “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарылып кеткен деген иликтөөсүн жарыялап, ал бүгүнкү күнгө чейин аягына чыкпай, талкуу жаратып келет. Журналисттин иликтөөсүн жалган деп, ысымы аталган Райымбек Матраимов сотко кайрылган. Редакция далил катары бир нече банктагы акча которуулардын дүмүрчөктөрүн көрсөтүп келет.
Ал ортодо маалыматтарды берген кытайлык ишкер, бир катар кылмыштарга шектелип издөөдө жүргөн Айэркен Саймаити киши колдуу болуп өлтүрүлүп, ага кол салгандарды Түркиялык органдар колго түшүргөн. Тергөө убагында сириялык жарандар экени далилденип, Саймаити менен өз ара чатактары болгону белгилүү болгон.
Жогорку Кеӊеш дагы анын өлүмүн жана ага байланыштуу окуяларды иликтеген комиссия түзүп, жакында УКМК жана ИИМди чакырып, маалыматтарды угушту.
Тергөө убагында Айэркен Саймаитинин жакындары суралып, көрсөтмө берген сурак протоколунун видеосун жарыялашты. Анда, бир нече күбө журналист Али Токтакунов 100 миӊ доллар акча алганын айтышты. Мындай маалыматты Стамбулдагы консул болуп, Айэркен Саймаити менен чогуу жүргөн Эркин Сопоков дагы бышыктап, “ооба, Али Токтакуновго акча бергенин айткан болчу”-деген көрсөтмө берди.

Мындай маалыматтарды журналист Али Токтакунов төгүндөп, “ “Мен Айэркен Саймаитиден бир да цент алган эмесмин. Мен андан документтердин жүздөгөн оригиналдарын гана алып, алардын негизинде бир катар коррупциялык иштерди ачтык”, — деп кайрылуу жасады.

Иликтөө башында Али Токтакунов бир катар документтерди далил катары көрсөтүп, анын айрымдары жасалма экени дароо эле билинген. Америкадагы ит баккан фирманын директорунун колун көчүрүп, жасалма документ жасаганы боюнча дагы бир иликтөө жарыяланган. Андан соӊ, журналист Токтакунов Түркиялык бир катар банк аркылуу акча которуулардын дүмүрчөктөрүн жарыялап, далил деп көрсөтөн.
Аталган кагаздарды Матраимовдун жактоочулары тактоо үчүн Түркиялык банктарга кайрылып, чын эле акча которуулар болгонбу деп тийешелүү жоопторду алышып, журналисттин кагаздары фэйк документтер экенин далилдешкенин айтып, кайрылуу кылышты. Кайрылуунун тексти:

“Макаланын авторунан башка бизге “Азаттык” радиосунун президенти Джеми Флай да официалдуу жообун берген. Ал бул документтер тастыкталгандыгын жана соттошуудан коркпой тургандыгын билдирген.
Өз кезегинде биз, Райымбек Матраимовдун өкүлдөрү да өзүбүздүн жообубузду билдирип жана “Азаттык” фейк макалаларды жарыялагандыгын коомчулукка айткыбыз келет.
Сиздердин эсиӊиздерде болсо “Азаттык” өз макаласында 7 төлөм кагазын көрсөтүп, аларды Айэркен Саймаити кайрымдуулук фондуна 2,3 млн доллар которгон деп айтышкан.

Бирок чындыгында, бул жалган маалымат. Фонд Вуфули Буалиаму деген айымдан 200 миӊ гана алган. Биз бул төлөм кагаздарын алып, Түркиялык банктарга бул акчалар түркиялык банктардан которулганбы деген суроо менен кайрылганбыз.
Азырынча биз Түркиялык “Иш банкасы” банкынан жооп алдык. Алар бул төлөм кагаздарын текшерип чыгышып “Азаттык” көрсөткөн кагаздардын жалгандыгын жана мындай төлөмдөр болбогондугун айтышты. Түркиялык банктын жообун биз өзүбүздүн арызыбызга тиркеп коюну туура көрдүк.
Журналистер дагы башка транзакция кагаздарын көрсөтүп, 2,3 млн доллардын көп бөлүгү түркиялык “Кувейт” банкынан которулду деп айтышкан. Биз жакында бул банктан дагы жооп күтүп жатабыз.
Урматтуу “Азаттык” өзүӊөрдүн кетирген одоно кемчиликтериӊерди жаап жашыруу аракетинерди токтоткулачы. Мына бир жылдын жүзү болуп калды силер дагы эле Матраимовдордун үй-бүлөсүн каралоону токтотподуӊар.
Өткөн жылдын кышында “Азаттыктын” адвокаттары өз алдынча Нью-Иорк аймактык сотуна кайрылып, Саймати берген документтердин оригинал экендигин тастыктоону суранган.

Азаттыктын адвокаты Акмат Алагушев бизге түркиялык банктардын кагаздарынын чын төгүнүн билүү үчүн жиберлиген америкалык соттун чечимин дагы жиберген эле. Бирок андан кийин алар таптакыр байланышка чыкпай калышты. Биз банктар америкалык сотко эмне деп жооп бергенин да билбейбиз. Азаттык бул тууралуу таптакыр ооз ачпайт.
Биз, сиздер өзүӊөрдүн журналисттеринердин актыгын далилдөө үчүн америкалык сотко чейин кайрылганыӊарга кубанганбыз. Жана алардын чечимин күтүп жатабыз. Бирок сиздер бүгүнкү күнгө чейин бул түркиялык банктар америкалык сотко эмне деп жооп бергени тууралуу жообун бере элексиӊер.
Бирок биз өзүбүз фонддун атынан банктарга кайрылып тиешелүү жоопторду ала алдык. Бирок сиздер дагы эле бул документтерди оригинал деп айтып жатасыздар.

Эми биз “Азаттыктын юристерине бере турган суроолорубуз бар:

Эмне үчүн сиздер Нью –Иорктун аймактык сотуна кайрылып документтердин чын төгүнүн тастыктоону чечтиӊиздер? Эгер сиздер документтер оригинал экендигин билсеӊиздер сотко кайрылуунун кажети бар беле?

Бизге «Ишбанкасы» банкы официалдуу жообун берди. Ал сиздер жарыялаган баардык транзакцияларды, жана сиздер жарыялаган квитанциялардын баарын төгүндөдү. Банк мындай которуулар банктын тарыхында болбогондугун айтат.
Анда сиздер эмне үчүн дагы эле элдин башын айлантып жатасыздар?
Биз Матраимовдун өкүлдөрү “Азаттык” америкалык сотко кайрылуусунун жыйынтыктарын элге жарыялашын талап кылабыз. Силер эл алдында сенсациянын артынан кубалап, фейк документтеринер аркылуу изилдөөӊөрдү Матраимовдорго байланыштырып чыкканыӊарды коомчулук алдында ачык айткыла. Биз бул официалдуу документтерди Матраимовдордун ар-намысын коргоого багытталган соттук процесстин иштерине сөзсүз тиркейбиз”-дей жактоочулар.