Ырчы Бек Борбиев бүгүнкү саясатчылардын шайлоо алдында жасаган биригүү кадамын сын көз караш менен кабыл алганын соцтармактагы баракчасына жазып, төмөнкүдөй пикирин калтырды.

“Кыргыз эли ишенчээк элбиз, биз жаңы дембиз десе эле болду. 20,30 жылдан бери айланып жаңыланып жүрүп мамлекетти талкалап бүттүңөр. Уят барбы силерде”, — деди Борбиев.

Эске сала кетсек, бүгүн, 5-июнда “Ата Мекен» партиясы “Жаңы күч деген ураан астында күзүндɵ өтчү Жогорку Кеңештин шайлоосуна катыша турганын билдирди. Бул тууралуу өлкөдөгү алдыңкы саясий күчтөрдүн биригүүсү тууралуу декларацияга кол коюу учурунда белгилүү болгон.

Анда Өмүрбек Текебаев – “Ата Мекен” партиясы,Темир Сариев – “Ак Шумкар” партиясы, Жанар Акаев “КЛДП” партиясы, Рыскелди Момбеков Социал-демократиялык тобу, Тилек Токтогазиев “Жаңы Дем” коомдук кыймылы, ошондой эле Жашыл күчтөрдүн коалициясынан Азамат Темиркуловбиригүү тууралуу декларацияга кол коюшкан.