Орусияда акыркы бир сутканын ичинде 85 аймактан, коронавирус инфекциясы 8 миң 726 адамдан аныкталды. 144 адам каза болсо, 8 миң 57 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында – 1855;
Москва облусунда – 762;
Санкт-Петербург шаарында – 378;
Нижегород облусунда – 330 адам жана калгандары башка аймактардан.
Ага ылйык, Орусиянын 85 аймагынан жалпы 449 миң 834 адамдан коронавирус аныкталып, 5 миң 528 жаран көз жумса, 212 миң 680 бейтап сакайып чыккан.