Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев бүгүн, 5-июнда маалымат жыйын өткөрүп, анда   туристтик сезонго даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Ош-Тамчы аба каттамын 15-июндан тарта жандантуу тууралуу план бар.

Осмоналиев Ысык-Көлдөгү балдар лагерлери эпидемиологиялык кырдаалга жараша 25-июндан тарта эс алуучуларды кабыл ала башташы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Адатта балдар лагерлери 15-июндан тартып иштечү. Быйыл 25инен кийин кабыл алууну пландаштырып жатабыз. Эгер эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе, балдарды 25-июндан кийин кабыл ала берсе болот»,- деди өкмөттүн өкүлү.

Акылбек Осмоналиевдин маалыматына караганда, 1-июндан тартып облуска кирүү тартиби өзгөргөн. Мурда бардык келген-кеткендер өткөрмө пунктунан текшерилип, каттоого алынса, азыр бул эреже чет өлкөлүктөр менен Кыргызстандын эпидемиологиялык абал туруксуз болгон аймактарынын жашоочуларына гана тиешелүү болот.

Алынган бардык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.