Бүгүн, 5-июнда республикалык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

«COVID-19 илдетин жуктургандардын бири инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу мүмкүн. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык көзөмөлдөөчү санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар бет кап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.

Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти алат. «Дордой» базарында күн сайын дезинфекциялоо жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга даярдоо боюнча маалыматы угулду.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин, социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын билдирди.

«Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки аптада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Биз ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде баланы карай турган адам болсо, анда коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот», — деди ал. Министрдин орун басары мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн Жалпы республикалык тестти тапшырууларына даярдык көрүү иштери тууралуу айтып берди. Быйыл бул тестти 41 миңден ашуун адам тапшырат. Тест алына турган имараттарда тийиштүү аралык сакталып, санитайзерлер орнотулат, тепловизорлор менен дене табы текшерилип, медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат.